Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Анкарадагы чабуулду ким уюштурганы аныкталды


Өткөн түнү Анкарада болгон эки чабуул үчүн жоопкерчиликти өлкөдө тыйуу салынган солчул партия өзүнө алды. Революциячыл "Элдик эркиндик фронту" партиясы кол салуу анын мүчөлөрүн камакка алууга берилген жооп экенин бүгүн өз сайтында билдирди. Юстиция министрлиги менен премьер-министр Режеп Тайып Эрдоган башындагы АК партиясынын баш кеңсесине өткөн түнү жасалган чабуулдарда бир киши жеңил жарадар болгон. Жергиликтүү маалымат булактарынын кабарлашынча, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын баш кеңсеси жана Юстиция министрлигинин машине токтоочу жайы гранатометтон аткыланган.

Өткөн айда бул партиянын мүчөсү Анкарадагы АКШ элчилигин жанында өзүн өзү жардырганда бир күзөтчү өлгөн. Революциячыл "Элдик эркиндик фронту" партиясын Түркия, АКШ, Евробиримдик террорчу уюм деп жарыялаган.

XS
SM
MD
LG