Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:22

Тажикстан, Түркмөнстан жана Ооганстан жаңы темир жол салуу боюнча макулдашты


Ооган президенти Хамид Карзай, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана түркмөн лидери Гурбангулы Бердымухаммедов темир жол салуу боюнча меморандумга шаршембиде Ашгабатта кол коюшту. 400 чакырымга созулган темир жол Ооганстандын Акина-Анхай, Түркмөнстандын Атамурат-Имамназар жана Тажикстандагы Пянж шаарларын туташтырат. Анын курулушу быйыл июль айында Түркмөнстанда башталаары күтүлүүдө. Мындай маанилүү келишимге кол койгон Ооган жана Тажик лидерлери Ноорузду Ашгабатта тоскону жатышат. Алар менен чогуу түркмөн баш калаасындагы майрамдык салтанаттарга Ирандын президенти Махмуд Ахмединежад жана Пакистандын президенти Асиф Али Зардари катышат.

XS
SM
MD
LG