Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Орусия: Кыргызстандыктар жыл башынан бери 7 наристе таштаган


2013-жылдын башынан бери кыргызстандык кыз-келиндер төрөп, Орусиянын төрөт үйлөрүнө калтырып кеткен наристелердин саны жетиге жетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин биринчи катчысы Алмаз Асанбаев билдирди. Анын айтуусунда, учурда бул наристелерди Кыргызстанга жеткирүү боюнча иштер жүрүп жатат:

- Бул маалыматты биз Кыргызстандын социалдык өнүктүрүү министрлигине бердик, алар тиешелүү адистер: дарыгерлер, психологдор менен келип, балдарды алып кетүүгө даярданып жатышат. Өзүңүздөргө белгилүү, бул көп каражатты талап кылуучу жараян. Ошентсе да биздин өкмөт менен парламент бул балдар келечегинде үй-бүлөдө чоңоюусуна шарт түзүүгө аракет кылып жатканын белгилей кетүү керек.

Өткөн жылы Орусиянын төрөт үйлөрүнөн, балдар үйлөрүнөн кыргызстандык кыз-келиндер төрөп калтырып кеткен 24 наристе Кыргызстанга жеткирилген. Азыркы учурда Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан ал наристелердин ата-энелерин издөө, же аларды асырап алчу башка үй-бүлөлөрдү табуу боюнча иш жүргүзүлүп жатканы кабарланууда.(ZKo)
XS
SM
MD
LG