АКШ президенти Барак Обама бүгүн Батыш Иордандын Рамалла шаарында Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас менен кездешти. Сүйлөшүүдөн соңку маалымат жыйынында: “Кошмо Штаттар эки мамлекет идеясынын ишке ашыруунун ишенимдүү жактоочусу. Бул палестин элинин жана Израил менен Кошмо Штаттардын, ошондой эле дүйнөнүн улуттук коопсуздук кызыкчылыгына ылайыктуу. Биз жөөттөрдүн Израил мамлекетине чектеш палестин элинин жеринде төбөлсүз Палестин мамлекети болушуна, эки өлкө эгемендүү, коопсуз жана бейпил жашоо менен ырахаттануусуна аракет кылып жатабыз”, - деди АКШ президенти.
Барак Обама Рамалладан соң кайра Иерусалимге барып, Израил студенттери алдында сөз сүйлөйт. Шаршемби күнү Обама Израил премьер-министр Бинямин Нетаняху менен жолукканда Ирандын ядролук программасы, коңшу Сириядагы чатак өңдүү регионду коогалаңга салган маселелерди талдашты.