Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:42

Дамасктагы жардыруудан ондогон адамдар набыт болду


Өкмөттүк маалымат каражаттарынын кабарлашынча, бейшемби кечиндеги борбор калаа Дамакстагы мечиттердин бириндеги жардыруудан кеминде 42 адам каза болуп, 80ден ашыгы жараат алды. Каза болгондор арасында өлкөдөгү кадыр-барктуу суни имамы Мухаммад аль-Бути жана анын небереси бар. Жашы өтүп калган бул имам Башар Асаддын режиминин активдүү колдоочуларынын бири болчу жана ал акыркы учурда телеге көп чыгып, жарандарды бийликти колдоого үндөп келген эле. Өкмөттүк булактар мечиттеги бомбаны жанкечти жардырды деген маалымат таратты. Бирок бащ кеңсеси Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарын көзөмөлдөөчү уюм бул маалыматтын азырынча тактала электигин билдирди. Бул жардыруу БУУнун Сириядагы химиялык куралдын колдонулушу боюнча иликтөө баштала турганы тууралуу билдирүүсүнөн соң болду. Улуттар уюмунун эсебине караганда, эки жылдан берки калабада 70 миңден ашуун сириялык набыт болгон. Бир миллиондон ашык адам өлкөнү таштап кеткен жана төрт миллиондон ашуун адам Сириянын өзүндө бозгун болуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG