Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:47

Караколдогу мал базарда өрт чыкты


Ысык-Көл облусунун борборундагы мал базарда жайгашкан сактоо жайларынан  21- март күнү  13:21 де өрт чыккан.  Анын кесепетинен 256 түк чөп күйүп, жалпы чыгаша 41 миң 300 сом болду. Бул тууралуу "Азаттыка"  Ысык-Көл облустук өрткө каршы кызматынын ага инспектору Бекжан Жексенбиев билдирди. Анын маалыматына караганда, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 400 литр авиа керосин, 1 авто унаа, курулуш материалдары сакталып калды. Жалпы сакталган мүлктүн баасы 1 млн. сом болду. Тилсиз жоонун чыгуу себеби такталууда. Жексенбиев ушул эле күнү Кызыл-Суу айылында бир баланын шоктугунан 100 түк чөп күйүп кеткенин кошумчалады. (MK)

 

XS
SM
MD
LG