Кара-Сууда “Хизб-ут Тахрирдин” мурдагы мүчөсүнүн үйүнөн чоң өлчөмдө уюмга таандык деп шектелген экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, DVD дисктер табылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди. Анын айтымында, уюмга таандык делген каражаттар бүгүн Кара-Суу райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн операция учурунда табылган. Милицияга түшкөн ыкчам маалыматтын негизинде үйгө тинтүү жүргүзүлгөн. Үй ээси “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө болгондугу үчүн мурда соттолгон. Азырынча аты-жөнү айтыла элек.
Тинтүү учурунда анын үйүнөн экстремисттик мүнөздөгү176 китеп, 158 баракча, 1 флеш-карта, 1 СИМ-карта, 268 DVD диск жана эки дептер табылган. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Теологиялык экспертиза алынган каражаттары тыюу салынган уюмга таандык экенин тастыктаса, үй ээси камакка алынат. (SE)