Кытайдын жаңы президенти Си Цзинпин чет өлкөдөгү алгачкы сапарын Москвадан баштады. Визиттин алдында Орусия президенти Владимир Путин Кытай менен Орусиянын мамилелери азыр мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкканын, ортодогу соода көлөмү акыркы 5 жылда эки эсе өскөнүн белгиледи. Президенттин Кытайдын жаңы лидери катары биринчи сапары үчүн Орусияны тандап алышы эки өлкөнүн стратегиялык кызматташтыгынын өзгөчөлүгүн далилдейт, - деди орус мамлекет башчысы.
Си Цзинпин былтыр ноябрда Коммунисттик партиянын лидери болуп шайланган, бир нече күн мурун болсо президенттикке расмий киришти.
Москвадагы жолугушууларда соода жана орус газын экспорттоо маселелери талкууланмакчы. "Газпром" менен энергиянын эң ири кардары - Кытай бир нече жылдан бери газ боюнча сүйлөшүп, бирок баа бычылбагандыктан келишимге жетише албай келатышат.