Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Орусияда бейөкмөт уюмдарды текшерүү уланууда


Орусияда "Мемориал" укук коргоо борборунда бүгүн да текшерүү жүрдү. Кечээ тергөөчүлөр, юстиция министрлигинин жана салык кызматынын өкүлдөрү уюмдун Москвадагы баш кеңсесине барып, бир топ документтерди көрсөтүүнү талап кылышкан. Уюмдун өкүлү Арсений Рогинскийдин айтымында, инспекторлор Москвадагы бир нече офисти тинтишти.

Нью-Йоркто жайгашкан Хьюман Райтс Уоч укук коргоо уюму бир нече аптадан бери Орусиянын ар тарабындагы бейөкмөт уюмдарды текшерүү жараянын сындады. АКШнын Москвадагы элчилиги “мурда болуп көрбөгөндөй текшерүүлөргө” байланыштуу Твиттер аркылуу тынчсыздануусун билдирди.

XS
SM
MD
LG