Баткенде Чарбак айылында жергиликтүү эл милициянын ички аскерлери коопсуздукту күзөтүшүн улантууну суранып жатат. Алардын жүйөсүндө, чек ара маселелери толук чечилип, талаа жумуштары аяктаганга чейин болушу зарыл.
Ушул тушта Чарбакта Өзбекстандын Сох анклавын айланып өткөн жол, таза суу каналдары салыып, заманбап ФАП менен спорт зал, ошондой эле чек арачыларга жатак курулуп жатат. Бул иштерге кыргыз өкмөтү 350 миллиондой сом бөлгөн.
Жыл башында Чарбактын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааларды талкалаган. Кийинчерээк өзбек тарап келтирилген чыгымды төлөп берүүгө макул болгон. Анклавдын айланасындагы жолдор убактылуу жабылган болчу. (JsA/EBM)