Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Пакистанда жанкечти 17 аскерди катардан чыгарды


Пакистан армиясынын маалымдашынча, Ооганстанга чектеш Түндүк Вазиристан провинциясындагы өтмө бекетте жанкечти жардырган бомбадан 17 жоокер курман болду. Билдирүүдө жоокерлер “шейит өлгөнү” белгиленет. Ишемби күнү кечке жуук болгон жанкечтинин чабуулун ким уюштурганы белгисиз. Уруулардын башкаруусундагы Түндүк Вазиристан региону Пакистан өкмөтүн төңкөрүүнү көздөгөн талибдер менен “ал-каидачылардын” түнөк жайы саналат. Пакистан армиясы бул аймактагы согушчандарга каршы бир нече жылдан бери жортуул уюштуруп жүрөт.

XS
SM
MD
LG