Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстанда 24-мартта күндүн ысышынан жана жаан-чачындан улам тоолуу райондордо, Бишкек – Ош (121-137 жана 198-265-чакырым), Каракол – Эңилчек (45-90-чакырым), Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу (45-90, 145-150-чакырым), Ала-Бука – Каныш-Кыя (62-100-чакырым) тоо жолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн, жолдор тайгак жана тоңголок болот. Мындай жолдордо айдоочулар 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.

25-март жаан-чачын болбойт. Тоолуу аймактарда жол тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +3... +8, күндүз +18... +23 градус, Талас облусунда түнкүсүн +2… +7, күндүз +17…+22 градус, Баткен облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +16…+21 градус, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +4... +9, күндүз +18 ...+23 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1... +4, күндүз +10... +16 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -3... +2, күндүз +10... +15 градус болот.

Бишкекте 25-мартта жаан жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат жана секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +6…+8 градус, күндүз +20…+22 градус болот. (EBM)

XS
SM
MD
LG