Бүгүн Бишкекте “Манас” аба майданындагы АКШнын жүк ташуу борборунун келечеги боюнча талкуу өтөт. Талкууну “Далил плюс” эксперттик клубу уюштуруп жатат. Аталган клубдун мүчөсү Марс Сариевдин “Азаттыкка” билдиришинче, талкууда 2014-жылы “Манастагы” жүк ташуу борборун чыгаруунун Кыргызстанга пайдасы жана зыяны жана Борбор Азия чөлкөмүнө тийгизген таасири жөнүндө сөз болот. Талкууга орусиялык талдоочулар Андрей Грозин, Алексей Власов, Аджар Куртов жана бир катар жергиликтүү серепчилер катышат.
“Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борбору НАТОнун Ооганстандагы антитеррордук операциясына катышуучу учактарды тейлөө үчүн 2001-жылы ачылган. Кыргыз бийликтери 2014-жылы Транзиттик борбор келишимдеги мөөнөтү аяктаган соң чыгарылып, “Манас” толугу менен жарандык аба майданга айландырылаарын билдирип келет. АКШ тарап болсо сүйлөшүү улантыларын кайталаганы бар. (BkA)