Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Франция: бир жыныстагылардын никесине каршы жүрүш өттү


Парижде миңдеген адамдар бир жыныстагылардын никеге туруусуна уруксат берген мыйзамга каршы жүрүшкө чыгышты. Полициянын маалыматы боюнча, жүрүшкө 300 миңден ашык адам катышты. Жүрүш учурунда жаңжал чыгып, полиция митингчилерди Елисей аянтынан таратуу үчүн көздөн жаш чыгарчу газ колдонду.

Бир жыныстагылардын никеге туруусуна жана бала асырап алышына уруксат берген мыйзам Франциянын парламентинин төмөнкү палатасы тарабынан жактырылып, жогорку палата - Сенатка жөнөтүлгөн. Сенат аталган мыйзамды апрель айынында карайт.

XS
SM
MD
LG