Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:16

Баткен: Таян айылына чек ара туругун курууга акча бөлүндү


Кыргызстандын Өзбекстан менен чектешкен жерине чек ара туругун курууга кыргыз өкмөтү акча бөлүп берди. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Чек ара кызматынын башчысы Токон Мамытов билдирди.

Мамытовдун айтымында, өзбек тарап менен бардык тиешелүү маселелер макулдашылып бүткөндөн кийин Баткендин Таян айылында куруу иштери башталуусу керек:

- Таянга чек ара постун курууга 5-6 миллион сом бөлүндү. Акча Архитектура жана курулуш агенттигине берилди.

Жыл башында Баткендин Чарбак айылынын тургундары менен Өзбекстандын Сох анклавындагы Хушяр айылынын жашоочуларынын ортосунда чыр чыккан. Хушаярлыктар кыргыз айылына кирип келип, 30 адамды барымтага алып, бир канча унааны талкалаган. Таян Чарбак айылына коңшу жайгашкан айыл.(RK)

XS
SM
MD
LG