Бүгүн Бишкек шаардык соту мурдагы муфтий Чубак ажы Жалиловдун адвокаттарынын Свердлов райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкуловго ишеним көрсөтпөө өтүнүчүн канааттандырды. Адвокаттардын бири Акин Токталиевдин “Азаттыкка” тастыкташынча, эми ишти жаңы судья карай турган болду.
Буга чейин адвокаттар Свердлов райондук сотунун судьясы Чыңгыз Адамкуловдон Жалиловго козголгон кылмыш ишин негизсиз деп таап, процессти токтотууну өтүнүшкөн. Адамкулов бул арызды четке каккан соң, адвокаттар ага ишеним көрсөтпөө өтүнүчү менен шаардык сотко кайрылышкан.
Чубак ажы Жалилов муфтий болуп турганда ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөбөй, жашырып койгон деп айыпталууда. (KKs)