Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:49

Орус бийликтери бейөкмөт уюмдарды текшерүүдө


Бүгүн Эмнести Интернешнл (Amnesty International - AI) уюмунун Москвадагы кеңсеси дагы текшерилди. Аталган эл аралык уюмдун Москвадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Сергей Никитин мындай “пландалбаган текшерүү” тууралуу "дүйшөмбүдө Москванын прокуратурасынан үч киши жана салык кызматкери биздин кеңсеге келип, уюмдун документтеринин көчүрмөсүнүн тизмесин көрсөтүүнү талап кылды”, - деди. Москвадагы “Адам укуктары үчүн” кыймылынын кеңсеси дагы текшерилди. Бул уюмдун кызматкери Александр Букварев укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен бирге НТВ телеканалынын журналисттери дагы келгенин айтты.

Өткөн аптада Орусияда жүздөгөн бейөкмөт уюмдар текшерилгени кабарланган. 2012-жылдын этегинде Орусияда чет мамлекеттерден грант алып иштеген, өлкөнүн саясатына аралашкан уюмдарды “чет өлкөлүк агенттер” деп каттоодон өткөрүү жөнүндө мыйзам кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG