Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:55

Пакистанда убактылуу премьер-министр кызматка киришти


Жекшембиде Пакистандын шайлоо комиссиясы 84 жашка чыккан, эс алуудагы судья Мир Хазар Хан Хосону ушул жылдын 11-майында болчу шайлоону өткөрүүгө жетекчилик кылууга бекитти. Буга чейин өлкөнүн саясий партиялары бул орунга талапкерди тандоодо бир пикирге келе алышкан эмес. Сегиз мүчөлүү шайлоо комиссиясы Хосону бийлик менен оппозиция сунуштаган төрт талапкердин ичинен тандап алды. Ал убактылуу өкмөттү шайлоодон кийин жаңы премьер министр дайындалгыча жетектейт. Пакистанда 11-майда өтчү шайлоо өлкө тарыхында үч жолку аскерий төңкөрүштөн кийин алгачкы демократиялык шартта бийликти өткөрүп берген шайлоо болуп калмакчы.

XS
SM
MD
LG