Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:39

Жон Керри Ооган президенти Карзай менен жолукту


Дүйшөмбүдө Ооганстанга барган АКШнын Мамлекеттик катчысы Жон Керри Ооган президенти Хамид Карзай менен жолукту. Жолугушуу учурунда Керри талибдер менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүү үчүн АКШ менен Ооганстан ортосунда кайчы пикир жок экенин билдирди.

“АКШнын талибдер менен сүйлөшүүдө тынчтыкты орнотуудан башка кызыкчылыгы жок”, - деп кошумчалады Керри.

Буга чейин Хамид Карзай өлкөсүндөгү кыянатчылыктар үчүн АКШны да сынга алган. Анда Карзай 2014-жылы эл аралык күчтөр чыгарылгандан кийин өлкөдө кырдаал курчуйт деген сөздөрдүн чыгышына Талибан да, Кошмо штаттар да кызыкдар болуп жатат деп АКШ өкмөтү Талибан менен дээрлик “күн сайын” сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатканын айткан болчу.

Жон Керринин сапары учурунда Баграмдагы абакты башкаруу укугу толугу менен Ооганстанга өткөрүлдү. Аталган түрмөнү буга чейин НАТО күчтөрү көзөмөлдөп келген.

XS
SM
MD
LG