Лондондогу Нооруз
Британ борборунун чок ортосунда Нооруз майрамдалды. Жазгы майрам 23-март күнү Лондон университеттик колледжинде (UCL) улуттук тамак-аштардан даам татуу, этномода көргөзмөсү, кол өнөрчүлүк жарманкеси менен башталып, чоң шаан-шөкөт менен коштолгон оюн-зоок менен аяктады. Кыргыз Республикасынын Улуу Британиядагы Элчилигинин колдоосу менен “Улуу Британиядагы кыргыз студенттери” жана “Кыргыз клубу” уюмдары Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Татарстан жана Өзбекстандан келген студенттер менен биргеликте уюштурган майрамдык иш-чарага үч миңден ашуун көрүүчүлөр келишти. (Тасманы Лондондогу журтташыбыз Бакыт Азимканов сунуштады.)
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 28, 2025Чет жердеги кыргыз жарандары кантип добуш берет?
-
Сентябрь 12, 2025"Кара тизмедеги" мигрантты кандай тагдыр күтөт?
-
Август 20, 2025Пакистан: Ооган казактары Астанадан жардам сурады
-
Август 11, 2025АКШдан чыгарылган 25 жаран Бишкекке учуп келди
-
Июль 25, 2025"Айлампага түшүп калдым". Москвадагы мигранттын түйшүгү