Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:16

Укук коргоочулар камактагы депутаттардын иши боюнча кабатыр


Кыргызстандын укук коргоочулар кеңеши “Ата-Журт” фракциясынын камактагы депутаттарыны иши боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган кеңештин мүчөсү, “Кылым шамы” укук коргоо уюмунун төрайымы Азиза Абдрасулова кабарлады. Анын айтымында, укук коргоочулар камактагы депутаттардын ишин тергөөдө бир катар мыйзам бузууларга жол берилип жатканына кабатыр болушууда. Буга бийлик өкүлдөрүн көңүл бурууга чакырган укук коргоочулар мындай мыйзам бузуулар менен сот өкүмү чыкса элдин нааразылыгын жаратаарын эскертип жатышат.

Азиза Абдрасулова “Ата-Журт” фракциясынын депутаттары менен бирге айыпталып жактан Кубатбек Кожоналиевдин коомдук жактоочусу.

“Ата-Журттун” үч депутаты өткөн жылдын 3-октябрында бийликти басып алууга аракет кылган деген айып менен камакка алынган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында кармалууда. 15-мартта депутаттардын үстүнөн соттук териштирүү аяктап, сот өкүмү 29-мартта чыгараары дайын болгон. Ага чейин мамлекеттик айыптоочулар депутаттардын күнөөсү далилденгенин белгилеп, аларды 9 жылдан 10 жылга чейин, коомдук ишмер Кубат Кожоналиевди 8 жылга, ал эми Ташиевдин жан сакчыларын 3-4 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG