Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:30

БРИКС уюмунун өз банкы болот


Экономикасы тез өнүгүп бараткан өлкөлөрдүн - БРИКС уюму Өнүгүү банкын түзөлү деп макулдашты. Бул банк Батыш колдогон Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта коруна атаандаш болорун жана ал жөнүндө шаршемби күнү ырасмий жарыяланарын Түштүк Африканын финансы министри билдирди. Мындай макулдашуу БРИКСтин финансы министрлеринин жыйынында жетишилди. Эртең Дурбанда БРИКСке мүчө Бразилия, Орусия, Индия, Кытай жана Түштүк Африканын мамлекет башчылары жана премьер-министрлери кездешет. Бул жыйында беш мамлекет арасындагы сооданы кеңейтүү маселеси талкууланат . Бүгүн Кытай жана Бразилия өз ара сооданын маанилүү бөлүгүн АКШ долларынын ордуна улуттак валютада жүргүзөлү деп макулдашты.

XS
SM
MD
LG