Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:21

АКШ Түндүк Кореянын коркутуусуна жооп кайтарды


Пентагон Түндүк Кореянын ракеталарды АКШ базаларына багыттоо боюнча коркутуусун сынга алып, Кошмо Штаттарга каршы кандайдыр бир аракет болсо дароо жооп кайтарууга даяр экенин эскертти. Шейшембиде Пентагондун маалымат катчысы Жордж Литтл түндүк кореялыктарды “согуш риторикасынан” кайтууга чакырды. Андан мурда Түндүк Корея стратегиялык ракеталары Кошмо Штаттардын Гуам жана Гавайи аралдарындагы, ошондой эле АКШдагы аскердик базаларын бутага алганын билдирип чыккан. Коммунисттик Кореянын борбордук маалымат агенттигинин кабарлашынча, бул АКШнын чабуул коркунучуна каршы жасалган кадам болду.

Андан бир нече күн мурда АКШ жана Түштүк Корея Түндүк Корея тараптан кандай гана чабуулу болбосун чогуу аскердик чара көрүү жөнүндө келишим түзгөн эле. Пхеньян декабрда орбитага жасалма жандооч чыгарган. Бирок эл аралык коомчулук Түндүк Кореянын Кошмо Штаттарга жетчүдөй узак аралыкка уччу ракетасы жок деп боолгоп жатат.

XS
SM
MD
LG