Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Президент Каримовдун жүрөк оорусу боюнча маалымат четке кагылууда


Өзбек президентинин ден соолугу начарлады деген кабарды өзбекстандык сенатор Светлана Артыкова "Азаттыкка" берген маегинде четке какты. Анын айтымында, Каримовдун ден соолугу абдан жакшы жана ал бейшемби күнү өтчү сенаттын сессиясына да катышышы мүмкүн.

Акыркы күндөрү өзбек оппозициялык кыймылдарына тиешелүү вебсайттарда президент Каримов жүрөк дартына (инфаркт) кабылганы тууралуу маалымат тараган. Президенттин кызы Гүлнара Каримова болсо атасынын инфарктка кабылганын шаршемби күнү өзүнүн Твиттер аккаунтунда төгүндөдү. Гүлнара Каримова атасы бир жума мурун Ноорузду майрамдоодо бийлегенин мисал келтирди.
XS
SM
MD
LG