Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Парламент “Мамлекетик кызмат” жөнүндө мыйзам долбоорун карайт


Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кирешеси тууралуу декларацияга жалган маалымат жазган мамлекеттик кызматкерлерди жазалоону сунуштаган мыйзам долбоору талкууланат. Депутат Айнуру Алтыбаева иштеп чыккан бул мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик жогорку кызматтагылардын кирешеси тууралуу декларациясы мамлекеттик органдар тарабынан текшерилип, анда үй-мүлкүн жашырган атка минерлерди жазалоо катаалданат. Депутат бул кадам коррупцияга каршы күрөштү күчөтөт деген ишенимде.

Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер жыл сайын кирешеси тууралуу декларация толтурушат. Бирок буга чейинки декларациялык кампаниялардын жыйынтыгында өлкөдөгү эң бай делген аткаминерлердин айрымдары мүлктөрүн жашырып, кагаз жүзүндө кедей болуп чыкканы коомчулукта сын-пикирлерди жараткан.(BkA)

XS
SM
MD
LG