Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:44

Бишкекте үч айда 16 адам жол кырсыгынан каза тапты


Бишкекте жыл башынан бери катталган 400дөн ашык жол кырсыгынан 16 киши каза болуп, беш жүздөйү жаракат алды. Мындай маалыматты депутат Курманбек Дыйканбаев парламенттин бүгүнкү жыйынында билдирип, жол кырсыктарын азайтууга тезинен чара көрүүгө чакырды.

“2011-жылы Кыргызстанда 4,5 миң жол кырсыгынан 942 жараныбыз каза болду. 2012-жылы 5260 кырсык 924 жараныбыздын өмүрүн алды. Согуш болбой эле элдерибиз каза болуп жатат. Миңдеген жарандар майып болуп калышты. Ким жооп берет?”

Депутат Дыйканбаев республика боюнча жол белгилери орнотулганын текшерүүнү сунуштады. (KKs)

XS
SM
MD
LG