Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Коррупция боюнча 2012-2013-жылдары 352 кылмыш иши козголду

Бул туурасында бүгүн УКМКнын Байкоочу кеңеши өткөргөн “Антикоррупциялык саясаттын проблемалары” аттуу теререк столдо айтылды. Антикоррупциялык кызматтын жетекчиси Бектен Сыдыгалиевдин билдиришинче, 2012-жылы 298 кылмыш иши козголуп, 214 адам кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Ал эми 2013-жылдын биринчи кварталында 54 кылмыш иши козголуп, 13 адам коррупция боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Ушул күнгө карата 32 кызмат адамы соттолгон. Эки жылда жалпы казынага 1 миллиард 736 миң сом зыян келтирилген. Анын казынага кайтарылганы 404 миллион сомду түзөт. (AzK/ZB)
XS
SM
MD
LG