Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:15

Депутаттардын иши боюнча сот өкүмү чыкты


Биринчи май райондук соту "Ата журт" партиясынын Жогорку Кеңештеги үч депутатын Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоо) боюнча күнөөлүү деп тапты. Анын натыйжасында депутаттар Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго бир жыл алты ай, депутат Талант Мамытовго бир жыл жаза чектелди. Депутаттын үч жан сакчысынын ар бирин сот бир жылдан жазага тартты. Судья Адыл Субанкуловдун өкүмдү угузуп жатканда берген түшүндүрмөсүнө караганда жаза чектелген жарандардын буга чейин камакта отурган ар бир күнү эки күн деп эсептелет. Депутататтар жана алардын жан сакчылары былтыр 3-октябрдагы окуяга байланыштуу камакка алынышкан.
Ушул эле окуядан кийин камакка алынып, кийинчерээк саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарылган мурдагы аскер прокурору, коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевди сот актады.

Адвокаттардын ушул эле күнү "Азаттыктын" кабарчыларына билдиргендерине караганда жазалангандар Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө макул эмес жана бул боюнча соттун жогорку инстанцияларына даттанышат.

Жогорку Кеңештин аталган депутаттары былтыр 3-октябрда борбордук аянтта митинг уюштуруп, Кумтөр алтын кенин улутташтыруу талабын коюшкан. Башаламандык менен коштолгон акция “Ата-Журт” фракциясынын депутаттарынын Ак үйдүн темир тостомун ашып өтүүсү менен аяктаган. (KKs/BuS)

XS
SM
MD
LG