Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Беларуста активистке айып салынды


Беларуста белгилүү оппозиция активисти Сергей Каваленка өлкөнүн чыгышындагы Витебск шаарында тартип коргоочуга акаарат келтиргендиги үчүн бир миллион беларус рублm же 115 доллар төлөөгө милдеттендирилди. Каваленка дүйшөмбү күнү көчөнү туура эмес жерден кесип өткөндө токтоткон тартип коргоочуга сөз тийгизген деп күнөөлөнгөн. Бул күнү активисттер 1918-жылы көз карандысыз Беларус мамлекетинин түзүлүшүн белгилешкен.

Каваленка өткөн жылы үч айлык түрмө мөөнөтүн өтөп жатканда ачарчылык жарыялаган эле. Ал 2012-жылдын февралында тыюу салынган беларус байрагын көтөрүп чыккандан кийин кесилип, сентябрда бошонуп чыккан.

XS
SM
MD
LG