Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Орусияда бейөкмөт уюмдарды текшерүү уланууда


Орусия АКШнын бейөкмөт уюмдарды каржылоону улантуусу “ички иштерге кийлигишүүнү” жашырбоо деп эсептейт. Бул тууралуу бүгүн орус тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Александр Лукашевич айтты. Ал белгилегендей, АКШнын Орусиядагы бейөкмөт уюмдарды үчүнчү, ортомчу мамлекеттер аркылуу каржылоону улантууга ниеттенүүсү аларды өлкө мыйзамдарын бузууга козуткандык.

Вашингтондун мындай ниети бардыгын эки күн мурда АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Виктория Нуланд билдирип, бейөкмөт уюмдардын кеңселерине рейд жүргүзүлүп жатышын сындаган.

Орус бийликтери акыркы апталарда өлкө аймагындагы бейөкмөт уюмдар жапырт текшерилип жатышын четтен каржы алуу боюнча жаңы мыйзамдын шарттарын алар кандай аткарып жатканын билүү деп түшүндүрүшүүдө.

Орусиянын былтыр кабыл алынган талаштуу мыйзамына ылайык, чет өлкөдөн каржыланган бейөкмөт уюмдардан “чет өлкөлүк агент” катары кайра каттоодон өтүү талап кылынган. (UE)

XS
SM
MD
LG