Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Ажыларды Мекеге ташыган авиакомпания тандалат


Кыргызстан мусулмандар башкармалыгы бүгүн ажыларды Мекеге ташыган авиакомпанияны аныктоо боюнча тендер өткөрөт. Муфтияттан маалымдашкандай, ага тиешелүү министрлик-мекемелердин өкүлдөрү да катышмакчы. Тендерди муфтияттын Ажылык жана Умра бөлүмү уюштурууда.

Кыргызстанда ажылык сапарды уюштуруп, өткөрүү иштери каржылык ызы-чуу менен коштолот. Мурунку ажы Чубак ажы Жалилов ушул тушта былтыркы ажылыктан түшкөн кирешеден салык төлөгөн эмес деп айыпталууда. Андан мурунку жылы миллиондогон сомдун изи жоголуп кеткени аныкталган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG