Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Ооган президент Дохада Катар башчылары менен жолукту


Катардын QNA мамлекеттик маалымат агенттиги Хамид Карзайды эмир, шейх Хамад бен Халифа ал-Тани кабыл алганын билдирди, бирок сүйлөшүүнүн чоо-жайын жазган жок. Карзай Ооганстандагы тынчтык жараянын илгерилетүү жана Катарда "Талибандын" кеңсесинин ачуу тууралуу сүйлөшүү үчүн барган.

Андан мурдарак Карзайдын өкмөтү АКШ менен "Талибандын" тикелей сүйлөшүүсүнөн сыртта калуудан чочулап, талиптердин Катарда кеңсе ачууга каршы болуп жаткан эле.

Талиптер ооган президентин Батыштын “куурчагы” деп атап, көзмө-көз жолугушуудан баш тартып келет. БУУ тараптарды мунаса табуу үчүн сүйлөшүүгө чакырууда. Карзайдын Дохадагы эки күндүк иш сапары ушул жекшембиде аяктады. (EBM)

XS
SM
MD
LG