Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:26

Рим папасы дүйнөнү тынчтыкка чакырды


Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы Франциск Пасха майрамында Ватиканда кайрылуу жасады. Анда Сириядагы кандуу калабаны тезирээк токтотууга, жөөт-палестин жаңжалын чечүүгө, Африканын бир катар мамлекеттериндеги жана корей жарым аралындагы чыңалууну басууга чакырып, ачкөздүктү, тез пайда табуу амалдарын, адам сатууну сынга алды.

Францисктин сөзүн угуу үчүн 250 миңден ашуун адам чогулду. 13-мартта шайланган Папа жөнөкөйлүгүн, карапайымдыгын көрсөтүүдө. Батыштагы христиандар Пасханы 31-мартта белгилешти. Ал эми православдар 5-майда майрамдашмакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG