Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

Журналисттер парламент алдына акция өткөрдү


Бүгүн Жогорку Кеңештин имаратынын алдына 10го жакын журналист жана жарандык активист нааразылык акциясына чыкты. Алар Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Кочкоровду журналисттердин маалымат алуу укугун тебелеп жатат деп айыптап, анын демилгесине каршы чыгышууда. Акциянын уюштуруучуларынын бири, “Московский Комсомолец Азия” гезитинин башкы редактору Улугбек Бабакуловдун айтымында, депутаттардын журналисттердин маалымат алуу укугуна бут тоскон учурлар көп болуп жатат.

Ал акыркы мисал катары 28-мартта парламент жыйынында депутат Улукбек Кочкоровдун билдирүүсүн келтирип жатат. Анда депутат Кочкоров айрым орус тилдүү журналисттер кыргызча түшүнбөй, парламенттеги маалыматтарды туура эмес чагылдырып жатат деп сындап, парламентке эки тилди тең билген журналисттерди киргизүүнү сунуштаган. (AKu\BkA)

XS
SM
MD
LG