5-апрелде Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Көркөм өнөр музейинде «Мен тирүү турганда кургак учукту токтотолу» аттуу сүрөт көргөзмө өтөт. Акцияны кургак учукка каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата «Чек арасыз дарыгерлер» эл аралык уюму уюштуруп жатат.
Акциянын бейтаптар тарткан сүрөттөр аркылуу акыркы убактарда жайылып бараткан кургак учук оорусун алдын алуу, андан сактануунун жолдору боюнча элге кеңири маалымат берүү, буга бийлик өкүлдөрүнүн көңүлүн буруу максатын көздөйт.
Анын алкагында Кыргызстандагы кургак учуктан жабыркагандардын жашоосун баяндаган фото-сүрөтчү Винсент Тремонун көргөзмөсү да ачылат.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматында, Кыргызстанда кургак учукка кабылгандар көбөйүүдө. Мурдагы жылы бул ооруну 5,2 миңден ашык адам жуктуруп алса, былтыр бул сан 500гө көбөйгөн. 2012-жылы бул дарттан 450дөн ашык адам каза тапкан. (BkA)