Суданда президент Омар ал-Башир бул тууралуу бүгүн баш калаа Хартумда парламенттин жаңы сессиясынын ачылышында сүйлөдү. Башир ошондой эле саясий атаандаштары, анын ичинде куралдуу топтор менен улуттук диалог түзүүгө чакырды. Өткөн аптада вице-президент Али Осман Таха Түштүк Судан менен алака оңолуп бараткандыктан өлкөдө саясий чектөөлөр азаят деген эле.
Коңшулаш Түштүк Судан 2011-жылдагы референдумдан кийин Судандан бөлүнүп кеткен. Буга чейин Башар козголоңчу күчтөр менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген эле.
Коңшулаш Түштүк Судан 2011-жылдагы референдумдан кийин Судандан бөлүнүп кеткен. Буга чейин Башар козголоңчу күчтөр менен сүйлөшүүдөн баш тартып келген эле.