Ливиялык расмий өкүлдөрдүн айтымында, премьер-министрдин администрация башчысы дайынсыз жоголууда жана аны уурдап кетишти деп болжолдонуп жатат. Атын атагысы келбеген өкүлдөр бүгүн Мохамед Али Гатоус баш калаа Триполинин сыртында жоголуп кетти, машинеси шаардын Тажура деген ооданында табылды. Мындан бир нече саат мурда Ливиянын өкмөт башчысы Али Зсейдан өкмөт мүчөлөрүн өлтүрөбүз деген коркутуу болуп жаткандыгын билдирген. Гатус жоголгон күнү куралчандар Юстиция министрлигине кол салышты. Триполиден куралдуу уюшмаларды сүрүп чыгаруу операциясы башталгандан бир нече аптадан бери Ливия өкмөтү менен мыйзамдан сырт куралдуу топтордун ортосундагы тиреш күч алды.