Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:41

АКШ: Түндүк Корея согушка күжүрмөн даярдык көргөн жок


Ак үйдүн маалымат катчысы Жей Карни Түндүк Корея коркутуп-үркүткөнү менен согушка күжүрмөн даярдык көргөн жок деп билдирди. Буга чейин Түндүк Корея Түштүк Корея менен “согуш абалына” киргенин жарыялаган. АКШ Пхеньян мындай коркутууну көптөн бери колдонуп келгенине карабастан олуттуу маани берилерин ырастаган.

Кечээ Вашингтон Түштүк Кореяга F-22 үлгүсүндөгү аскердик учактарын жөнөткөн. Радарга көрүнбөгөн бул учактар Түштүк Кореяда өтүп жаткан аскердик машыгууларга катышуу үчүн жөнөтүлдү деп кабарланууда.

Сеул менен Пхеньяндын алакасы февралда Түндүк Корея өзөктүк куралды үчүнчү жолу сынагандан кийин чыңалган. Вашингтон менен Бириккен улуттар уюму кошумча санкцияларды киргизген болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG