Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:01

Милициянын реформасы боюнча концепция талкууланат


Бүгүн өкмөттө Ички иштер министрлигинин реформалоо боюнча концепциянын биргелешкен долбоору талкууга коюлат. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөт башчынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов кабарлады. Буга чейин ИИМдин өзү, жарандык коом жана мекемелер аралык комиссия өз-өзүнчө үч долбоор даярдаган. Талкууларда орток пикир табылбай жаткан.

Активисттер сунуштаган концепцияда коомго жакыныраак болуш үчүн милицияны полиция кылып өзгөртүп, аны жарандык адам башкарыш керек деген жобо жазылган. Ошондой эле ИИМ кызматкерлеринин баарын убактылуу кызматтан четтетип, аттестациядан өткөрүп, иргеп алуу каралган. Бул концепция жер-жерлерде талкууга коюлду. (EBM)

XS
SM
MD
LG