Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

Жапаровдун адвокаты шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылды


Бул тууралуу Садыр Жапаровдун адвокаты Шарабидин Токтосунов кабарлады. Биринчи май райондук сотунун Жапаровду 1,5 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүмүн Токтосунов саясий чечим катары баалайт. Ошондуктан бүгүн Бишкек шаардык сотко апелляциялык арызды тапшырып, Биринчи май райондук соттун чечимин жокко чыгарууну өтүндү.

Ал эми Садыр Жапаров менен бирге айыпталган депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун адвокаттары учурда шаардык сотко апелляциялык арыз даярдап жатышканын, жакынкы аралыкта тапшырышарын билдиришти.

Буга чейин Башкы прокуратура “Ата Журт” фракциясынын депутаттарына соттун өкүмү “өтө эле жумшак” деп эсептеп, жогорку баскычтагы сотко апелляция берээрин билдирген болчу.

29-мартта Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаттары Камчыбек Ташиевди, Садыр Жапаровду, Талант Мамытовду жана депутаттардын үч жан сакчысын Кылмыш кодексинин 295-беренеси (Бийликти күч менен басып алуу жана күч менен кармоого аракет кылуу) боюнча күнөөлүү деп таап, Ташиев менен Жапаровду бир жарым жылдан, Мамытов жана депутаттардын үч жан сакчысын бир жылдан эркинен ажыраткан. Ал эми депутаттар менен бирге айыпталып жаткан коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиев акталган. (BkA)

XS
SM
MD
LG