Кабарды бүгүн Пхеньяндагы мамлекеттик маалымат агенттиги таратты. Йоңбёндо өзөктүк иштер 2007-жылы Пхеньяндын ядролук программасы боюнча алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү келишимден кийин токтотулган болчу. Эми өлкө ядролук комплекстин аймагындагы бардык атомдук объекттерди ишке киргизгени турат. Түндүк Корея 2006-2009-жылдары өткөргөн атомдук сыноолору үчүн плутонийди дал ушул Йоңбёндогу комплексте өндүргөн.
Соңку билдирүүгө жооп иретинде бүгүн Токиодогу маалымат жыйынында жапон өкмөтүнүн башкы катчысы Йошихиде Суга: "Түндүк Корея ал комплексте ишти кайра жандандырса, же өзөктүк реакторун кайра ишке киргизсе, алты тараптуу сүйлөшүүлөргө жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына балта чапкандай эле болот, - деди. - Муну провокациялык аракет деп таанып, өтө этият жооп кайтарыш керек".
Кытайдын Тышкы иштер министрлиги да Корей жарым аралындагы кырдаалга тынчсызданып жатканын, тараптарды тынчтандырып, мунасага үндөй турганын билдирди.
Бүгүн Түндүк Кореядагы гезиттер жумурияттын лидери Ким Чен Ындын “ядролук программа өлкө экономикасынын өзөгүн түзөт” деген билдирүүсүн басышты. Үч күн мурда Пхеньян Корей жарым аралында АКШ менен Түштүк Кореянын биргелешкен аскерий машыгууларына жооп катары азыр Түндүк Корея Сеул менен “согуш абалында” экенин жарыялаган эле.