Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:06

Ошто «Уш садоси» гезитинин башкы редактору камакка алынды


Ошто өзбек тилинде жарык көрчү өкмөттүк «Уш садоси» гезитинин башкы редактору Махамадсоли Исмаилов милиция кызматкерлери тарабынан кармалды. Мындай маалыматты ИИМдин маалымат кызматы тастыктады. Маалыматка ылайык, Исмаилов Ош окуясы учурунда дарексиз жоголгон адамды өлтүрүүгө катышы бар деп шектелип, Кылмыш жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Ошол эле учурда Исмаилов менен бирге Кара-Суу районунун Шарк айылындагы Имам-Ата көчөсүндө жашаган бир нече адам кармалганы айтылууда. Бул тууралуу маалыматты ИИМ тастыктай элек. Шарк айылынын тургундары бүгүн нааразылык акциясын уюштуруп, милиция тургундарды мыйзамсыз кармаганын билдиришүүдө.(SE\BkA)

XS
SM
MD
LG