Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:44

Азербайжанда бүгүн дагы бир жаш активист камалды


Бакыдагы сот "Азербайжан Элдик фронт" оппозициялык партиясынын активисттеринин бири Вейсал Касымовду “уруксатсыз митингге катышканы үчүн” 10 күнгө камады. Өкмөткө каршы митинг кечээ Бакунун Нардаран районунда болгон.

Өткөн жумада ушул эле партиянын дагы бир активисти Даскин Маликов камалган эле. Аны маңзатты мыйзамсыз сактаган деп айыпташты. Мартта болсо “Нида” деп аталган жарандык кыймылдын алты мүчөсүн баңгизатка жана куралга байланышкан айыптар менен түрмөгө отургузушкан болчу. Оппозиция мунун баарын “саясий өңүттөгү” аракет катары атап жатат.

XS
SM
MD
LG