Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:49

ЖК малдын башын идентификациялоо мыйзам долбоорун карайт


Парламент бүгүнкү жыйынында малдын башын идентификациялоо боюнча мыйзам долбоорду экинчи окууда талкуулайт.

Буга чейин айыл чарба министри Чыңгызбек Узакбаев малды паспорттоштуруу үчүн 19 миллион доллар керектигин билдирген. Кыргыз өкмөтү чыгымдардын 5 пайызын жаба аларын, 1 миллион долларды түрк өкмөтү бөлүүгө макул болгонун маалымдады. Мыйзам кабыл алынса, оболу бодо малды каттоого алуу башталат.

Өткөн жылдын октябрь айынан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга Кыргызстанда малды идентификациялоо тууралуу мыйзам жок болгондуктан барганын жана мыйзам кабыл алмайын сүт азыктарын өткөрбөй турганын билдирген. Мындан улам өлкөнүн Айыл чарба жана суу чарба министрлиги аталган мыйзамды даярдап, парламенттен тезинен кабыл алууну өтүнгөн.

Өткөн ай этегинен тарта Казакстан тарап Кыргызстандан эки сүт комбинатынан сүт азыктарын сатып ала баштады. (EBM)

XS
SM
MD
LG