Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

IMF-Кыргызстан: сүйлөшчү сөз көп


Эл аралык валюта корунун кезектеги миссиясы Кыргызстанда жүрөт. Кристиан Беддис баштаган миссия кыргыз өкмөт башчысы баш болгон расмий жетекчилер менен жолугушуп, өлкөнүн финансы-экономикасын талдоого алууда. Миссия Кумтөр боюнча сүйлөшүүлөргө кызыгуусун көрсөткөн.

Эл аралык валюта фонду Кыргызстанга 1992-жылдан бери насыя берип келатат. Азыркы мезгилде Кыргызстан менен Эл аралык валюта фонду кезектеги үч жылдык программаны аткарып жатышат. Ал 2014-жылга чейин созулат. Бул программанын алкагында ЭВФ 102 млн. доллар насыя бөлгөн.

Ушул жуманын башынан тарта Кыргызстанда ЭВФтин кезектеги миссиясы иштей баштады. Кордун Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн маалымдоосуна караганда, миссия өз ишин 10-апрелде жыйынтыктайт.

Кристиан Беддис 1-апрелде өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев менен жолугушту. Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, жолугушууда бюджет, салык саясатты, ишкерликке шарт түзүү маселелери талкууланган.

Миссия мындан ары Улуттук банк, Каржы министрлиги жана башка расмий органдарда жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Андай жолугушуулардын бири Экономика министрлигинде өттү. Маалыматка караганда, ал жолугушууда миссия өлкөнүн финансы-экономикалык абалын талдоо менен катар, кыргыз экономикасы алтын өндүрүшүнөн жана эмгек мигранттарынын акча которууларынан көп көз каранды болгонун белгилеген. Ошондой эле Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү, Кумтөр боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө да көңүл бурулган.

Экономист Азамат Акелеевдин айтымында, Эл аралык валюта кору Кыргызстанда макроэкономикалык туруктуулук болушу үчүн күрөшөт. Ошондой эле эл аралык корпорациялардын кызыкчылыгын да коргойт. Ошон үчүн Кумтөр, эмгек мигранттарынын каражаттарына байланыштуу маселелерге кызыгат.

Кыргызстан бюджетинде тартыштык болуп турганда, бул эл аралык финансылык мекемелерге муктаждык кала берет дейт Азамат Акелеев:

- Булардан бюджеттин тартыштыгын жабууга дайыма каражат алып келатпайбызбы. Канчалык биз буларга муктаж болсок, ошончолук көз каранды болуп кала беребиз. Өзүбүздүн бюджетибизди өзүбүз көтөрмөйүнчө, эл аралык уюмдарга көз каранды болуп кала беребиз.

Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов Эл аралык валюта кору же башка эл аралык финансылык уюмдар 1992-жылдан бери Кыргызстанга демократияны чыңдоо үчүн өтө жеңилдетилген насыя бөлүп келгенин белгилейт. "Тилекке каршы бизде демократия дайым эле бекемделип жаткан жок" дейт Абдырахманов:

- ЭВФ, Дүйнөлүк банк, Азия банкы демократияга багытталган мамлекеттерге жардам берет. Кыргызстанга тынымсыз берип келатат. Менин оюмча, алар да бизге муздай баштады окшойт. Анткени реформа жок болсо, демократия да жигердүү жемиш бербесе, булар да бара-бара аз-аздан эптеп-септеп жардам берип калышат.

Депутат Абдырахманов эл аралык каржы уюмдары Кыргызстанды карызга батырды дегенди четке кагып, алар жеңилдетилген гана насыя берип жатканын белгилейт.

Эл аралык валюта корунун миссиясы быйылкы жылдын эки айында экономикада өсүш орун алганын белгилеген. Чындыгында эле Улуттук статистикалык комитет өткөн жылга салыштырмалуу Ички дүң продукция эки айда 8% өскөнүн белгилеген. Бирок 2011-жылга салыштырмалуу 2012-жылы ИДП 11% төмөндөп кеткен. Ошондуктан экономика 2012-жылдагы төмөндөөнү толуктады деш кыйын.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG