Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:08

Чемпиондор лигасы: ПСЖ – Барселона 2:2, Бавария – Ювентус 2:0


Европанын эң даражалуу турниринин чейрек финалдык биринчи таймаштар өттү. Парижде жергиликтүү Пари Сен-Жермен Испаниянын Барселонасына 1:2 эсебинде утулуп жатып, кошумча убакыттын бүтөөрүнө бир мүнөт калганда теңеп кетти. Коноктордон голдорду Лео Месси менен Хави киргизсе, ПСЖдан Златан Ибрагимович менен Блез Матюиди автор болуп калды.

Ал эми Мүнхенде Бавариянын Давид Алаба жана Томас Мүллер оюнчулары Италия чемпиону Ювентуска эки топ киргизип, жарым финалга карай чыйыр салгандай болушту. Жооп кайтаруу оюндары 10-апрелде Барселонада жана Туринде өтмөкчү.

Чейрек финалдын кезектеги туру бүгүн түнү өтөт. Мадриддин Реалы Түркиянын Галатасарай, ал эми Испаниянын дагы бир клубу Малага Германиянын Боруссия (Дортмунд) командасын кабыл алат. (SJ)

XS
SM
MD
LG