Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:01

Бишкекте көчөлөрдүн аталышын өзгөртүүгө тыюу салынды


Бишкек шаарында көчөлөрдүн жана райондордун аталышын өзгөртүүгө 5 жылдык мораторий киргизилди. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңешинин 2-апрелиндеги жыйынында кабыл алынды. Шаардык кеңештин депутаты Алмаз Кененбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, мындай чечим Бишкектин тарыхый жана маданий баалуулуктарын сактоо максатын көздөйт.

"Бишкекте бир көчөнүн аталышын улам-улам эле өзгөртүү берүү адатка айланды. Шаардыктар мурдатан көнүп, тарыхый баалуулугу бар көчөлөр ойду-келди эле өзгөртүлүп жатат. Ошондуктан муну жөнгө салуу үчүн 5 жылдык мораторий киргизилди. Ал эми аталышы жок же жаңы көчөлөргө ысым ыйгаруу улантыла берет".

Шаардык кеңеш кечээки жыйынында Чолпон-Ата көчөсүн Чокан Валиханов көчөсү деп өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG