Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Исхак Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин студенттери менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, акыркы жылдары өлкөдөгү диний абалга эч ким көңүл бурбай, Кыргызстанга динди жамынып, ар кыл террорчул уюмдар кирип жатат. Ошондуктан президент диний билимге, бул чөйрөдөгү маселелерге азыртадан көңүл бурулбаса, кесепети кыйын болоорун эскертти.
Атамбаев диний кырдаал өлкөнүн Коргоо кеңешинде да караларын билдирди. (BkA)
Атамбаев диний кырдаал өлкөнүн Коргоо кеңешинде да караларын билдирди. (BkA)