Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:36

"Чек арасыз кабарчылар" уюму “Фергана.ру” сайтына тосмону алууга чакырды


Бул тууралуу баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюмдун жаңы билдирүүсүндө айтылат. Уюм мындай билдирүүнү Кыргызстан сотунун өткөн аптадагы чечиминен кийин жасады.

Бишкектин райондор аралык соту “Фергана.ру” сайтынын адвокатынын арызы боюнча башталган соттук ишти өткөн аптада токтоткон. “Фергана.ру” сайтынын адвокаты соттон сайтка тосмо коюлушун мыйзамсыз деп табууну суранган эле.

Көбүнесе Борбор Азия окуяларын чагылдырган орус тилдүү бул сайт, билдирүүдө белгиленгендей, Кыргызстанда 2012-жылдын февралынан бери тосмолонууда.

Мамлекеттик байланыш агенттигин сайтка тосмо коюуга кыргыз парламенти милдеттендирген. Жогорку Кеңеш 2010-жылдын июнь окуялары боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгында аталган сайт бир тараптуу маалымат тараткан деген бүтүмгө келген болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG