Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:16

Грозныйда мартабалуу имараттагы өрт өчүрүлдү


Чеченстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги “Грозный-Сити” комплексиндеги 40 кабаттуу имараттагы өрт толук өчүрүлгөнүн кабарлады. Тилсиз жоо эң бийик имараттын биринчи кабатынан башка бардык кабатын каптады. Маалыматка караганда имараттын сыртынын баары күйгөн менен ичи жабыркаган жок. Адамдар арасында жабыркагандар болгон жок. Өрт электр зымдарынын учу бириге калгандан тутанган болушу мүмкүн.

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров бул имаратты 1,5 жыл мурун чоң шаан-шөкөт менен ачкан эле. Жакында эле андагы беш бөлмөлүү бир батирди орус жарандыгын алган белгилүү француз актеру Жерар Депардьеге белек кылган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG